01.12.23

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров  28-ноябрь күнү Түрмөнстанга жасаган иш сапарынын учурунда, Азербайжан өнөр жай тармактарында, анын ичинде мунай-газ, мунай-химия жана химия тармактарында, Түркмөнстан менен кызматташуу келечектүү багыттар деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу “SNG.Today” порталы билдирди.

Микаил Жаббаров белгилегендей, акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 5 эсеге өстү. Бул соода тармагындагы кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын жана инвестициялардын aймактарын кеңейтүүгө түрткү боло аларынан кабар берет. Министр мисал катары “SOCAR” компаниясынын Ашхабаддагы кеңсесинин ачылышын белгилеп өттү.

Анын айтымында, өлкөлөр ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташууну кеңейтүү үчүн абдан жакшы перспективалар бар жана мунай-газ тармагындагы байланыштар өнөктөштүктү тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Министр 2021-жылдын январында, Каспий деңизинде орун алган “Достлук” мунай кенин биргелешип чалгындоо жана иштетүү боюнча меморандумга кол коюлганын, энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү этап катары атады.

 https://centralasia.news/25367-turkmenistan-i-azerbajdzhan-obsudili-rasshirenie-investicionnogo-sotrudnichestva.html