01.12.23

Азербайжандын Карабах аймагында күндөн  энергия өндүрүү үчүн энергия панелдери даярдалды. Аны Түркиянын инженердик “Solitek” компаниясы өндүрүп чыгарган.

“Анадолу” агентигинин маалыматына ылайык, Түркиянын Адана аймагында иш алып барган бул компания, Азербайжандын Карабах аймагынын күндүн энергиясына болгон муктаждыгын камсыз кылуу үчүн базалык станцияларда колдонула турган энергияны сактоочу панелдерди жана атайы программа менен камсыздалган автоматташтырылган системаларын Азербайжанга экспорттоодо.

Курамында литий-темир-фосфат элементтери бар батарейкаларын камтыган панелдер, күнөстүү аба ырайында чогултулган энергиянын пайдаланылбаган бөлүгүн сактап, түнкүсүн базалык станцияны кубаттайт.

Болжол менен 2,5 ай мурун тендерди утуп алган “Solitek” компаниясы Азербайжанга жөнөтө турган 33 даана автоматташтырылган панелдин 25 даанасын жасап бүткөрүшкөн.

https://report.az/ru/energetika/tureckaya-kompaniya-izgotovila-solnechnye-paneli-dlya-karabahskogo-regiona/