02.12.23

Азербайжандын борбору Баку шаарында, Өзбекстандын соода үйү ачылды. Ачылыш аземине “Узчармсаноат” бирикмесинин жана ага мүчө ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде, эки тараптуу инвестициялык кызматташуу эки өлкө үчүн келечектүү багыт экендиги белгиленди. Азербайжанда Өзбекстандын продукциясына суроо-талап өсүп, эки өлкөнүн капиталы менен курулган  биргелешкен ишканалар дагы бар.

Соода үйүнүн жетекчиси Рамин Шерифов президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында, Өзбекстанда инвестиция жана ишкердик үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи. Өзбекстандын соода үйүндө текстиль, химия, курулуш жана башка көптөгөн тармактардын продукцияларынын үлгүлөрү көрсөтүлдү.

“KFK” жана “Amir-ul-Baxr” сыяктуу “Узчармсаноат” бирикмесине кирген ишканалар бул өлкөдө ачык соода үйү аркылуу, Азербайжандын өнөр жай, курулуш жана коргонуу тармагы үчүн атайын бут кийимдер менен  камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алдын ала макулдашууларга жетишишти.

Соода үйү Өзбекстанда өндүрүлгөн товарларын Азербайжандын рыногунда алдыга жылдыруу менен гана чектелбестен, Өзбекстанга Азербайжандык ишкерлерден инвестиция тартууга жол ачат. Азыркы учурда Азербайжандык ишкерлер, Өзбекстандын экономикасынын түрдүү тармактарында долбоорлорду ишке ашырып башташууда.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/81749