01.12.23

Үстүбүздөгү 2023-жылдын ноябрь айынын аягына чейин, “Транс-Анадолу”  (TANAP) газ кууру аркылуу 55 миллиард куб метрге жакын көгүлтүр оту экспорттолду.

Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек “ТANAP” газ кууру, Түркиянын Грузия менен чектешкен Эдирне провинциясына караштуу Ипсала чөлкөмүнөн башталып, Грециянын чек арасында жайгашкан «Транс Адриатикалык»  (TAP)  газ кууруна туташып, ал аркылуу "Шах-Деңиз-2" кенинин жаратылыш газы, Европа өлкөлөрүнө жеткирилет. Газ куурунун   жалпы узундугу 1,850 километр, ал эми максималдуу өткөрүмдүүлүгү 31 миллиард куб метрди түзөт.

https://report.az/ru/energetika/nazvany-obemy-postavok-azerbajdzhanskogo-gaza-po-tanap-v-turciyu-i-evropu/