13.12.23

Түрк дүйнөсүнүн 3 көз карандысыз мамлекети; Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстандын ортосунда транспорт тармагында кызматташуу долбоору ишке ашырылат. Казакстандын “Актау” жана Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” порттору, Азербайжанга таандык компаниялардын жардамы менен  Румыниянын “Констанца” портуна туташтырылат.

Румыниянын “Констанца” порту менен байланыштырууга багытталган долбоордун алкагында, биргелешип товар ташууну темир жол жана деңиз жолдору аркылуу ишке ашырылаары күтүлүүдө. Долбоор Азербайжандын  “ADY Container” жана “COSCO SHIPPING Lines” компанияларынын жардамы  менен аткарылмакчы.

Бул долбоордун алкагында “ADY Container” компаниясы, Каспий деңизи жана темир жол аркылуу “Актау” жана “Түркмөнбашы” портторунан Грузиянын “Батуми” портуна товар салынган контейнерлерди темир жолу менен жеткирет. Андан кийин контейнерлерди, “Батуми” портунан Румыниянын “Констанца” портуна “COSCO SHIPPING Lines” компаниясы тарабынан берилген кемелер аркылуу ташуу пландаштырылууда.

https://www.qha.com.tr/turk-dunyasi/azerbaycan-kazakistan-ve-turkmenistan-arasinda-onemli-isbirligi-482725