18.12.2023

Түркия бүгүнкү күнгө чейин, Азербайжандын экономикасына 15,2 миллиард доллар инвестиция салды.

Бул тууралуу,  Азербайжандын Экономика министрлигине караштуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин (KOBİA) башкармалыгынын төрагасы Орхан Мамедов,  Бакуда өткөн “Түрк ишкерлеринин профсоюздары менен кызматташуу” аттуу коомдук угууда билдирди.

Анын айтымында, инвестициянын 11,7 миллиард доллар мунай-газ тармагына, ал эми 3,5 миллиард доллары мунай-газ тармагынан тышкаркы тармакка салынды. Орхан Мамедов: “Бүгүнкү күндө Түркия капиталы менен Азербайжанда катталган коммерциялык уюмдардын саны 5 миң 670 жакын”, - деп кошумчалап өттү.

https://report.az/ru/biznes/orhan-mamedov-turciya-investirovala-v-ekonomiku-azerbajdzhana-15-2-mlrd-dollarov/