17.01.24

Азербайжан 2028-жылга чейин энергияга болгон муктаждыгынын 30% пайызын жашыл энергия булактардан камсыз кылуу максатына жетишүүсү мүмкүн.

Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министри Микайил Жаббаров Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында уюштурулган “COP28 жана алдыга карай жол” аттуу жыйында сүйлөп жатып  билдирди.

Экономика министринин айтымында, Азербайжан каражаттарын, анын ичинде казылып алынган мунай жана газдын эсебинен табылган финансылык ресурстарын жашыл энергияга өтүүнү ишке ашырууга инвестициялоодо.

Микайил Жаббаров: “Биз аң-сезимдүү тандоо жасадык. Учурдагы абалга баа берип, 2030-жылга чейин энергияга болгон муктаждыктарыбыздын 30 пайызын жашыл энергия булактарынын эсебинен камсыз кылуу боюнча максаттарыбыздан да алдыда экенибизди айта алабыз. Эгерде өнүгүү ушул темп менен уланса, биз бул максатыбызга  2028-жылы жетише алабыз”, - деп белгилеп өттү.

https://qazaqgreen.com/news/sng/1715/