18.01.24

Азербайжандын Айыл чарба министри Мажнун Мамедов Венгриянын Азербайжандагы элчиси Тамаш Торма менен жолугушту. Бул тууралуу, Азербайжандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мажнун Мамедов көрүшмө учурунда, Азербайжандын айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал ошондой эле эки өлкөнүн мамилелери бардык тармактарда динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө, айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Бул багытта тараптар, Азербайжан жана Венгриянын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгынын алкагында келишимдик-укуктук базаны бекемдөө, айыл чарба продукцияларынын жана азык-түлүк товарларынын жүгүртүүсүн көбөйтүү, айыл чарба тармагындагы эң заманбап технологияларды трансфер кылуу, тажрыйба алмашууну ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле айыл чарба тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү жана билим берүү багыттары боюнча программаларды ишке ашыруу тууралуу пикир алмашышты.

https://xalqqazeti.az/ru/siyaset/160439-azerbaydjan-venqriya-obsudili-uvelitchenie-tovarooborota