27.01.24

Азербайжан жана Түркия “Транс-Анадолу” (TANAP) жаратылыш газ куурунун кеңейтилишин, Азербайжандан Түркияга жана Европага жаратылыш газын жеткирүүнүн учурдагы абалы жана узак мөөнөттүү перспективаларын, ошондой эле “Игдыр-Нахчыван” газ куурунун курулушуна жана аны ишке киргизүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, сүйлөшүүлөр Азербайжан Энергетика министри Парвиз Шахбазов менен Азербайжанда иш сапары менен келген Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстарынын министри Алпарслан Байрактардын жолугушуусунун алкагында болду.

Көрүшмө учурунда, Азербайандын Нахчыван аймагынын “жашыл энергетикалык аймак” катары өнүгүүсүндө, Түркия менен кызматташуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Айрыкча эки тараптын катышуусунда түзүлгөн жумушчу топтун алкагындагы иш-чаралар, Нахчывандын экспорту сыяктуу маселелерди чечүү жана ошондой Түркияга электр энергиясын жеткирүү жана аны Европага чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө, бул үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү тууралуу маселелер каралды. Жолугушууда быйыл Түркияда “4-Азербайжан-Түркия” энергетика форумун өткөрүү тууралуу да сөз болду.

https://report.az/ru/energetika/azerbajdzhan-obsudil-s-turciej-sozdanie-mosta-zelenoj-energii/