25.01.24

Азербайжан жана Түркия “Орто коридорду” өнүктүрүү боюнча биргелешип жасай турган иш  чаралар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу “Report” “Азербайжан темир жолу” ачык акционердик коомунун маалымат кызматына  шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркияда иш сапары менен жүргөн “Азербайжан темир жолу” ачык акционердик коомунун төрагасы  Ровшан Рустамов бүгүн бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Түркиянын мамлекеттик темир жолдору ишканасынын (TCDD) директору жана башкармалыгынын төрагасы Хасан Пезюк менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө, эки өлкөнүн ортосундагы темир жол тармагында болгон кызматташтыкты өнүктүрүү, “Карс-Нахчыван” темир жолунун жана “Баку-Тбилиси-Карс” темир жол линиясынын долбоорун жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки өлкөнүн темир жол түзүмдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Андан кийин, Ровшан Рустамов Түркиянын “TCDD Taşımacılık” компаниясынын директору жана башкармалыгынын төрагасы Уфук Ялчын менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, өлкөлөр ортосундагы эл аралык жүк ташуу жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана башка маселелер талкууланды.

https://report.az/ru/infrastruktura/azerbajdzhan-i-turciya-obsudili-razvitie-srednego-koridora/