20.02.24

“Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду, азербайжандык жана кыргызстандык ишкерлердин агроөнөр жай комплекси, энергетика, багбанчылык, туризм, жеңил өнөр жай жана башка тармактардагы артыкчылыктуу долбоорлорун каржылайт. Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министрлиги билдирди.

Азербайжан министрлигинин маалыматында, фонд экономикалык кызматташуу, экономиканы модернизациялоо жана потенциалдарды ишке ашыруу максатында түзүлүп, Азербайжан менен Кыргызстандын бизнес уюмдарынын биргелешкен ишмердигин колдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн кызмат кылат.

Ошондой эле маалыматта: “Фонд Кыргызстанда катталган жана иштеп жаткан коммерциялык уюмдардын артыкчылыктуу долбоорлоруна ар кандай финансылык инструменттерди колдонуу менен инвестиция салат. Бул платформанын алкагында айыл чарба, энергетика, багбанчылык, текстиль, туризм жана башка тармактардагы Азербайжандын жана Кыргызстандын уюмдарынын артыкчылыктуу долбоорлору каржыланат”, - деп айтылат.

Эскерте кетсек, “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзүп, каржылоо толугу менен Азербайжан тарабынан каржыланат. Фондду түзүү боюнча келишимге Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

https://economist.kg/potok-grantov-i-kreditov/2024/02/20/azierbaidzhano-kyrghyzskii-fond-razvitiia-budiet-finansirovat-proiekty-obieikh-stran/