22.02.24

Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов Американын Энергетика министри Женнифер Гранхолм менен жолугушту. Бул тууралуу, “AZERTAДЖ” маалымат кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, эки тараптуу энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаратылыш газы жана жашыл энергия менен камсыздоо, ошондой эле “COP29” уюштурууга байланышкан маселелер талкууланды.

Азербайжандын салттуу энергия берүүчү өлкө катары ишке ашырып жаткан энергетикалык коопсуздук долбоорлору, ошондой эле “Каспий деңизи-Карадеңиз-Европа” жана “Борбор Азия-Азербайжан-Европа” жашыл энергетика коридорлорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйын учурунда, Азербайжандын энергиянын кайра жаралуучу жашыл энергия булактарын өнүктүрүү жана “COP292 төрагасы катары жашыл энергетикага өтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле өлкөнүн глобалдык климаттык максаттарга жетүү аракеттери талкууланды. Азербайжан энергия тармагын интеграциялоо менен 2 гигаватттык жашыл энергияны өндүрүп 2027-жылга карата кайра жаралуучу жашыл энергиянын жалпы өндүрүштөгү үлүшүн 33 пайызга жеткирүүнү пландоодо.

https://qazaqgreen.com/news/sng/1791/