18.03.24

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында, Азербайжандан 1 миллиард 459 миллион 774,04 миң долларга 3 миллиард 953 миллион 658,45 миң метр куб жаратылыш газы экспорттолду.

Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  3,3 эсеге жана нарктык жактан 2,9% пайызга көп экенин, Мамлекеттик бажы комитетинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен “Report” агенттиги билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында, жаратылыш газынын Азербайжандын жалпы экспортундагы үлүшү 30,54 пайызды түзгөн. 2024-жылдын январь-февраль айларында, Азербайжан чет өлкөлөр менен 7 миллиард 227 миллион доллар өлчөмүндө соода операцияларын жүргүздү. Анын 4 миллиард 780 миллион доллары экспорт, 2 миллиард 447 миллион доллары импорттун үлүшүнө туура келет.

https://report.az/ru/energetika/azerbajdzhan-uvelichil-eksport-prirodnogo-gaza-bolee-chem-v-tri-raza/