19.03.24

Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы (SOCAR) Түркиянын мунай-химия секторунда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда.

“Report” маалымат агенттиги Түркиянын маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен кабарлагандай, бул тууралуу “SOCAR”  компаниясынын Түркиядагы филиалынын башкы  директору  Эльчин Ибадов билдирди.

Анын айтымында, мунай-химия тармагы, Түркиянын энергетика тармагында маанилүү орунду ээлейт жана компания бул жаатта жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга ниеттенүүдө.

Ибадов белгилегендей, “SOCAR” өнөктөштөрү менен бирге 15 жылдын ичинде Түркиядагы долбоорлорго жалпысынан 18,3 миллиард  доллар инвестиция кылган. Ал кошумчалагандай, “SOCAR” Түркиядагы эң ири чет элдик инвестор бойдон калууда.

https://report.az/ru/energetika/socar-planiruet-realizovat-novye-investproekty-v-neftehimicheskom-sektore-turcii/