“Түрк дүйнөсүндөгү биримдик” аттуу конференция Борбордук Азияны изилдөө борбору тарабынан уюштурулуп, анда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Доган катышты.

Элчи Ахмед Садык Доган түрк дүйнөсүнүн элдерин орток баалуулуктар жакындата тургандыгын билдирип, түрк дүйнөсүнүн мамлекеттери өз улуттук тилдерин коргоп, бекемдеши керектигин баса белгилеп, тил эгемендүү мамлекеттин өзгөчөлүгүн бекемдөөчү элемент экендигин, эгемендүүлүк бекемделбесе биримдик, ынтымак тууралуу сөз болбой тургандыгын белгилеп өттү.

Элчи Ахмед Садык Доган студенттерибиздин университеттин баркын билүүсүн, өзүн ар тараптан өнүктүрүүсүн, түрк дүйнөсүнүн элдеринин боордоштугун, биримдигин жана ынтымагын чыңдоосун каалаганын айтты. Ар тармакта эл аралык ийгиликтерди көрсөткөн, Түркия менен Кыргызстандын ар дайым колдоосуна ээ болгон, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаштардын эң мыкты деңгээлде билим алуусу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.