Экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык мамилелер бөлүмү жана Орто Азияны изилдөө борбору тарабынан “Азыркы мамлекеттерде конституциянын мааниси жана Кыргызстандын конституциясынын өнүгүүсү” темасында семинар өткөрүлдү.

Семинарда Орто Азияны изилдөө борборунун башчысы, профессор Насух Услу модератор болсо, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучулары Мурат Бүркан Сербест жана Закир Чотаев баяндама жасашты.