Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбор Азияны изилдөө борбору (БАИБ) тарабынан 2023-жылдын 1-3-ноябрь күндөрү, уюштурулган “Дүйнөлүк саясатта аймакташуунун жогорулашы жана Түрк мамлекеттеринин уюму” деген темада “III Манас Форуму” Эл аралык конференциясы болуп өттү.

Конференциянын максаты, аймакташуу жана анын өнүгүүсүнө, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна, түрк дүйнөсүнүн негизги көйгөйлөрүнө, аларды чечүү жана кызматташуу потенциалына илимий баа берүү болду. Конференцияга эл аралык университеттердин өкүлдөрү, ошондой эле университетибиздин окутуучулары жана студенттери катышты.

Конференцияда айтылган, илимий докладдар түрк дүйнөсүн жана эл аралык уюмдарды изилдөө боюнча чогулган маалыматтарга олуттуу салым кошту. Түрк мамлекеттери уюмунун тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги ар тараптан кылдат каралып, уюмдун түрк дүйнөсүнө жана бүтүндөй дүйнөгө тереңирээк таанылышына өбөлгө түзүлдү.

Конференцияда талкууланган илимий көйгөйлөр жана илимий материалдар менен Түрк мамлекеттеринин биримдигинин долбоорлорунун жана көз карашынын дүйнөбүз үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Конференция студенттерибиз менен биргеликте суроо-жооп жана талкуулоо форматы менен аяктады.