2023-жылдын 21-декабрында Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинин Экономика жана Башкаруу факультетинин Экономика бөлүмүнүн док. факультеттин окутуучусу Абдиева Разия “Борбор Азия өлкөлөрүндөгү салык маданияты” деген темада семинар өткөрдү. Семинар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Борбордук Азияны изилдөөлөр борборунда” болуп өттү.

Семинарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан, Кыргызстан жана Казакстандагы салык маданияты боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары сунушталды. Салык маданияты концепциясынын пайда болушунун  тарыхый өнүгүүсү жана теориялык жолдору кыскача баяндалгандан кийин, бул өлкөлөрдө салык маданиятынын деңгээли жана буга таасир этүүчү факторлор боюнча эмпирикалык изилдөөнүн натыйжалары ортого салынды.

Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2019-жылдагы Дүйнөлүк баалуулуктар изилдөөсүнүн маалыматы боюнча Кыргызстанда 70% пайыз болсо, Казакстанда 43% пайыз болгон. Кыргызстанда жаш курак жана билим деңгээли салык маданиятына оң таасирин тийгизсе, ал эми шаар тургундарынын жана үй-бүлөдөгү адамдардын санынын салык маданиятына болгон мамилеси терс. Казакстанда билим берүү жана динчилдик олуттуу оң таасирин тийгизгени менен эркектердин салык маданияты төмөн экени аныкталды.

Семинардын аягында, борбордун кызматкерлери жана университеттин профессорлору изилдөөнүн актуалдуулугун теориялык жана практикалык көз караштан талкуулашты, өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү жана изилдөөчүгө баалуу кеңештерин беришти.