02.28.23

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Орто Азияны изилдөө борбору жана Монголиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган программанын алкагында, 2024-жылдын 28-февралында Монголиянын Улуу Хуралынын (Парламентинин) Төрагасы Гомбожав Занданшатар «Трансалтай Тарыхый маршруттар» аттуу университетибиздин студенттерине семинар берди.

Гомбожав Занданшатар кыргыз жана монгол элдеринин тарыхый тамыры кандай болгонуна токтолуп, мисал катары «Манас» эпосунда айтылган монгол урууларын жана кыргыз, монгол тилдериндеги айрым жалпы окшош терминдерге кеңири токтолду.

Кыргыз жана монгол элдерин жалаң эле социалдык-экономикалык кызматташтык эмес, кылымдардын түпкүрүндө, көчмөн турмуш-тиричилигинде болгон тарыхый-маданий байланыштар да байланыштырып турат. Эки элдин максаты тыгыз байланыштарды, өзгөчө илимий, маданий-агартуу байланыштарын өнүктүрүү болуп саналат.

Сөзүнүн аягында, Занданшатар мугалимдерди жана студенттерди быйыл Монголияда өтө турган “Туруктуу өнүгүү боюнча Трансалтай диалогу” форумуна чакырып өттү.