Чанаккале жеңишин жана шейиттерди эскерүү күнүнө карата 2024-жылдын 18-марть күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) уюштуруусунда Көркөм искусство факультетинин студенттери менен биргеликте, Конгресс жана маданият борборунда эскерүү программасы өткөрүлдү.

Программага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Проф., Докт. Алпаслан Жейлан, ректордун орун басары Докт. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор Проф., докт. Мехмет Сезай Түрк жана Доц. докт. Камалбек Карымшаков, башкы катчы Проф., докт. Октай Өзгүл жана окутуучулар,  студенттер катышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Проф., докт. Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө. Чанаккале тууралуу: “Чанаккале бир улуттун көтөрүлүшү, анын көтөрүлүшү жана дүйнөгө чакырыгы”- деп белгилеп өттү.

Ректордун орун басары Докт. Бактыгүл Каламбекова ачылыш сөзүндө төмөнкү сөздөрдү айтты: “Биз бүгүн шейит кеткендерди жана ардагерлерди эскерип жатып, алардын эрдигин баалайбыз жана өзгөчө курмандыктары үчүн ыраазычылык билдиребиз. 18-март бир тууган Түрк улутунун кайра жаралган күнү”-деп билдирди.

Борбор Азия изилдөөлөр борборунун жетекчиси Проф., докт. Насух ​​Услу Чанаккале жеңишинин маңызы жана мааниси тууралуу сөз сүйлөдү.

Чет тилдер мектебинин окутуучусу Алтынбек Исмаиловдун  түрк тилинде жазылган “Чанаккале жеңиши” ырынын кыргыз тилине которгон котормосун окуп берип  көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган “Чанаккале дастаны” аттуу хор сахнага чыгып, көрүүчүлөргө эстен кеткис көрүнүш тартуулады. Студенттер тарабынан даярдалган бул таасирдүү хор көрүүчүлөр арасында эмоционалдык маанай жаратып, кызуу кол чабуулар менен коштолду.