Ушул жылдын беш ай аралыгында Казахстан жана Монголиянын арасындагы соода жүгүртүүсү $ 28 млн ошондой эле экспорт $ 28,8 млн долларга жеткен. Бул  боюнча  Казахстандын тышкы соода палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Казахстан Монголияга тамеки продуктуларын жана рапсанын уругун негизги эспортогон өлкө болуп саналат. Бирок 2017-жылдын беш айында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү $ 25 млн. долларды гана түзгөн.  Азыркы учурда Монголиялык бир нече компаниялар Казахстандан айыл чарба азыктарын, кондитер азыктарын жана курулуш материалдарын импортоого кызыкдар.

Бул боюнча тараптар, Улан-Батор шаарында 4-октябрда болуп өткөн соода-экономикалык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө макулдашышты. Казахстан делегациясынын курамында тамак-аш өнөр жайы өкүлдөрү, кондитердик азыктар, ошондой эле курулуш тармагынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн иш адамдары келишкен. Монгол тараптан 40 компаниянын өкүлдөрү катышкан.

2017-жылы эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү $ 74,8 млн, анын ичинен $ 72,5 млн доллар Казахстандан Монголияга жасалган экспорттун көлөмүн түзөт. Ушул жылдын беш айынын ичинде соода жүгүртүү $ 28 миллион долларга жеткен. Сигарет жана рапс майынан тышкары дагы Казахстан Монголияга ун азыктарын, гигиеналык жана буюмдарды тазалоочу каражаттарды экспортогон.

http://ca-news.org/news:1473993