Казахстанга чет өлкөдөн келген тике салымдар 15,4 пайызга өстү. Бул жөнүндө 23-октябрда өкмөттүн отурумунда Инвестиция жана өнүгүү министри Женис Касымбек билдирди.

Анын айтымында,  Казахстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде тике салымдарды тартуу боюнча лидер өлкө. Анын үлүшү 70 пайыздын тегерегин түзөт.

“Үстүбүздөгү жылдын акыркы 9 айынын ичинде негизги капиталга болгон салымдардын көлөмү 21,6 пайызга өсүп 7,5 трлн. теңгени түздү (2017-жылдын 9 айы- 5,7 трлн. теңге). Биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча тике салымдардын көлөмү 15,4 пайызга өсүп 12,3 млрд долларды түздү ( 2017-жылдын биринчи жарым жылы- 10,5 млрд. доллар)”,- деп билдирди.

Өсүш көрсөткөн тармактар төмөнкүлөр: тоо-кен өндүрүшү - 6,7 млрд. доллар (13,6 пайызга өсүш), транспорт – 393,3 млн. доллар (21,7% өсүш), соода – 2 млрд. теңге (37,3 % өсүш), финансы жана камсыздандыруу – 359,5 млн доллар (1,7% өсүш), маалымат жана байланышуу – 124,2 млн доллар (5,7 эсе).

Министрлик трансулуттук компаниялардын катышуусу менен 10,6 млрд. долларлык 34 долбоордон турган бир катар долбоорлордун тизмесин түздү.

“1,4 млрд. доллар суммасындагы 12 долбоор ишке ашыруу этабында турат, булардын ичинен үстүбүздөгү жылда 1 млрд. долларлык 8 долбоор ишке ашыруунун активдүү этабына өттү. Маанилүү долбоорлордун ичинен баса белгилей кетчү долбоорлор: 83 млн. доллар көлөмүндөгү салым менен техникалык газ өндүрүүчү  германиянын Linde Group, 165 млн. доллар салымы менен картошка кайра иштеп чыгаруу боюнча голландиялык Farm Frites, 70 млн. доллар салымы менен жогорку сапаттагы лайм өндүрүү боюнча бельгиялык Carmeuse Group, 220 млн. доллар суммасындагы салымы менен соода өндүрүү боюнча түркиялык Yildirim Holding, болот түтүктөрүн өндүрүүчү Кытайдан СNPC жана 194 млн. долларлык көлөмдөгү салымы менен цемент өндүрүүчү China Gezhouba Cem”,- деп билдирди министр.

Жалпы суммасы 9,2 млрд. долларлык 22 долбоор иштелип чыгуу этабында турат. Булар, кытайдан жогорку сапаттагы майлоочу май өндүрүүчү Citic Group, алюминий азыктарын чыгаруучу япониядан Hanacans жана өсүмдүк майын өндүргөн Marubeni, дары-дармек өндүрүүчү франциядан Servier компаниялары болуп эсептелет.

http://ca-news.org/news:1476858