Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинде кызматташуу боюнча үч тараптуу Меморандумга Казакстан Энергетика министрлиги жана Кореянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин алдындагы "K-eco"корпорациясы, "PMA Оператор:" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү кол койду.

Бул, "Казинформ" эл аралык маалымат агенттиги тарабынан министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче. Меморандумдун максаты айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бир катар маселелерде тараптар ортосундагы узак мөөнөттүү өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Казакстандын Энергетика министринин орун басары Сабит Нурлыбай казак-корея мамилелеринде "жашыл" технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо жана таштандыларды кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүүдөгү биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн жана мунун жакшы көрсөткүч экендигин белгиледи.

 Түштүк Кореялык өкүлдөрдүн билдиришинче, Казакстандын энергетика министрлигинин өкүлдөрү, Global Green Hub Korea иш чарасына катышып, Кореяда колдонулган технологиялар менен таанышышкан. GooUiArisu суу тазалоочу заводуна, катуу таштандыларды кайра иштетүүчү HamanUnionPark паркында болуп келишкен.

Түштүк Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууда бир кыйла тажрыйбасы бар. Эксперттер бул чөйрөдө Казакстанга жардам берүүгө жана аймактын өнүгүү дараметин изилдөөгө, жетишкендиктери менен бөлүшүүгө даяр экенин тастыкташты.

Иш сапары учурунда Түштүк Кореялык эксперттер Борбордук Азия чөлкөмүндө  Караганда облусундагы жайгашкан, жалгыз эски унааларды кайра иштетүүтүүчү завод менен таанышышты. Мындан тышкары, Астана шаарындагы кайра иштетүүчү заводго жана бир катар өнөр жай ишканалары менен жолугушууларды өткөрүштү.

https://www.inform.kz/ru/yuzhnaya-koreya-gotova-podelit-sya-s-kazahstanom-dostizheniyami-v-oblasti-ohrany-okruzhayuschey-sredy_a3447191