Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 73- орун, Кыргызстан - 78, Тажикстан -101чи орунда. Өзбекстан жана Түркмөнстан маалыматтардын жоктугуна байланыштуу киргизилген эмес.

Талдоочулар 10 өлкөнүн рейтингге кирбегендигин белгиледи. Өзбекстан менен Түркмөнстандан башка Сирия, Түндүк Корея, Сомали, Түштүк Судан, Куба, Гаити, Мьянма жана Папуа-Новая Гвинея киргизилген эмес. Бул өлкөлөрдө өкмөт изилдөөчүлөргө тиешелүү маалыматты алууну чектеген. Изилдөө тогуз  көрсөткүч боюнча жүргүзүлгөн: экономиканын сапаты, бизнес-чөйрөсү, мамлекеттик башкаруу, жеке эркиндик, коомдук капитал, коопсуздук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрө. Изилдөөнүн максаты - глобалдык масштабда дүйнө өлкөлөрүндөгү коомдук бакубаттыкты изилдөө.

Өнүгүү индексинин көрсөткүчү боюнча беш өлкө алдыга чыгышкан. Жаңы Зеландия, Финландия, Дания, Швейцария, Норвегия өлкөлөрү болуп саналат. Акыркы орундарды бир нече африкалык өлкөлөр менен Ооганстан ээлеген.

http://ca-news.org/news:1483974