Акыркы 11 айда Өзбекстан жана Казахстандын Түркстан облусунун ортосундагы соода жүгүртүү $ 447 млн. долларды түзүп, бир жыл мурдагыга салыштырганда 27,7% пайызга  көбөйдү. Бул тууралуу облустар боюнча  мамлекеттик кирешелер департаментинин башчысы Элдос Саудабаев басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, департаменттин эки бажы постунда 14539 товар декларацисы даярдалган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда  4.036 бирдикке же 38,4% пайызга өскөн.

 Бажы бөлүмүнөн 174865 жүк ташуучу унаа өткөн жана бул былтыркыга салыштырмалуу  63,7% пайызга  көптүк кылат.

 “Бажы бөлүмүнөн өткөн жылга салыштырмалуу 174865 жүк ташуучу унаа өткөн. Мындан тышкары, чек арадан 244310 жеңил унаа өткөн, мурунку жылга салыштырмалуу 46,8% пайызга көптүк кылат. Транспорттун өтүшүн тездетүү үчүн кошумча иш орундары жабдуулар менен камсыздалып, бажы бекеттеринде кызматкерлер көбөйтүлдү. Мындан тышкары, бекетте автоунаа өтүүсүн күчөтүү үчүн 2019-жылдын февралында "Б.Конысбаев" өтүү пунктун калыбына келтирүү иштери башталмакчы.

https://uztag.info/ru/news/pochti-450-mln-sostavil-tovarooborot-mezhdu-uzbekistanom-i-turkestanskoy-oblastyu-kazakhstana