28.01.19.

Казакстандын Өнөр-жай жана  инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги  2022-жылга карата экспорттун  1,5 эсеге көбөйүүсүн болжолдоп жатышат.

Министрдин орун басары Арыстан Кабикеновдун  28-январда болуп өткөн басма сөз жыйынында,  Казакстан жыл сайын тышкы базарга чыгарып сату товарларынын санын 8-10 даанага чейин көбөйтүп жаткандыгын айтты. 2019-жылы экспорттун географиясын кеңейтүү пландаштырылып жатат. Темир-жол буюмдары, Египет, Азербайжан, Өзбекстанга жеткирилет. Аммоний нитраты - Грузияга, сары фосфор жана фосфор-калий жер семирткичтери - АКШ, Германия, Польша, Чехия Республикасына, балмуздак - Монголияга, суу, сүт, эт - Ооганстан, Сингапур жана Кытайга экспорттолот. Ал эми, жеңил унаалар - Кыргызстанга, арматура - Тажикстанга, дан - Татарстанга, Аспирде майы - Японияга сатуу каралууда. Орусияны болсо, цианид натрийи  менен камсыз кылуу пландаштырылууда.

Цианид натрийи синилдик кислотанын натрий тузу болуп саналат. Бул кымбат баалуу металлдарды (алтын, күмүш) кендерден тандап суюлтуп бөлүп алуу жана аларды калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Натрий кислотасы өтө уулуу. Иштөө механизми жана уулуулугу калий цианидине окшош.Уунун күчүн жоготуучу зат  катары цианогруппа пайда кылган эрибеген кошулмалардын,  шекерлердин ар башка түрлөрү болуп эсептелинет. 

http://www.kp.kz/14471-kazakhstan-nachnet-eksportirovat-tsianid-v-rossiyu