8.02.19.

Казахстан Республикасынын Айыл чарба минстринин биринчи орун басары Гульмира Исаеванын билдиришинче өткөн жылдын 11 айында, Түркияга болгон айыл чарба продуктуларынын экспорттук көлөмү, 2017-жылга салыштырмалуу 44,6 пайызга көбөйүп 109 млн. долларга жеткен.

Гульмира Исаеванын айтымында, Казахстан үчүн маанилүү өнөктөштөрүнөн болгон Түркия, Кытай, Иран, Катар, Кувейт жана башка өлкөлөрдүн базарына  айыл чарба продуктуларынын экспорттоо арткандыгын баса белгиледи. Түркияга экспорттолгон продукциянын 26 пайызын ун, тоңдурулган балык эти, өсүмдүк майы, түзөөрүн билдирген Исаева, калган пайызын буудай, ет, жана башка айыл чарба азыктары экендигин белгиледи.

 Гульмира Исаева мал жана эт азыктарын өндүрүү жана сатууда эки өлкөнүн ортосунда ветернария тармагында чоогу иш алып баруу өтө маанилүү экендигине токтолуп: “Биз учурда Түркиянын ветернария кызматы менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Мындай кызматташуу биз үчүн Түркияга жетиштүү деңгээлде эт азыктарын экспортоого мүмкүндүк берүүдө” – деп белгилеп өттү. .

Казахстан Республикасы өткөн жылдын 11 айында жалпысынан 2 млрд. 660 млн. доллар өлчөмүндө, же 11 млн. 778 миң тонна айыл чарба продукциясын өндүргөн. Анын 3 млн. тоннасы кайра иштетилген айыл чарба продукциясы болгон. Исаева кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын дагы 10 пайызга жогорулатууну көздөп жатышкандыгын билдирип келип: “Бул багытта Түркиянын ет жана шекерди кайра иштетүү тармагынан тажыйырба алууну каалайбыз” – деп билдирди. Мындан тышкары минстирдин орун басары, Түркиянын теплицаларды өстүрүү жаатында алдыңкы технологияларды колдонуп жаткандыгын, бул багытта да биргеликте иш алпарууга кызыктар экендиктерин бегиледи.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/kazakistanin-turkiyeye-tarim-urunleri-ihracati-yuzde-44-6-artti/1386829