11.03.19.

Өткөн жылы Казахстан 10 айда чет өлкөгө 22 млрд. куб метрден ашык жаратылыш газын экспортогон. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 14,5 пайызга жогору.

Экспорттун көлөмү, Россия жана Кытайга болгон экспорттун өсүшүнүн эсебинен жогорулады. Казахстандын түндүктөгү коңшусу 7,5 млрд. куб метрден ашык газ сатып алган, ал эми чыгыштагы коңшусу газдын импортун 7 эсеге көбөйткөн. Энергетика министрлигинин акыркы маалыматына караганда, 2018-жылы  Кытайга 5 млрд. 800 млн. куб метр газ сатылган.

Экспорттун өсүшүнө рыноктун кеңейиши да таасир тийгизди. Азырынча Азербайжанга жана Кыргызстанга аз көлөмдө экспорт жасалууда. Щвейцарияга, Украинага жана Өзбекстанга экспорттун көлөмү азайды.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылы Казахстан 1 млрд. 700 млн. доллар суммасында жаратылыш газын сатты. Жылдын башында Казахстанда 9 млн. кишинин башкача айтканда калктын жарымынын  газ алуу мүмкунчүлүгү бар болчу. Бийлик бул санды көбөйтүү ниетинде.

https://www.zakon.kz/4961103-kazahstan-uvelichil-postavki-gaza-za.html