19.03.19.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматынан кетип жатканын билдирди. Назарбаев 1990-жылдын 24-апрелинен тарта Казакстандын президенти болуп келген. Ал кызматтан кетүү жөнүндө жарлыкка 19-мартта кол койду.

Нурсултан Назарбаев: “Президент катары ыйгарым укуктарымды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алдым. Эл  мага эгемендүү Казакстандын биринчи президенти болуу мүмкүнчүлүгүн берди. Колумдан келген бардык нерсени жасадым. Казакстандын экономикасы жана саясаты үчүн иштедик. Алсыз экономика  жана жакыр жарандар менен демократиялык институттарды куруу мүмкүн эмес экенин эске алып, экономикалык өнүгүүнү алдыга чыгарууга аракет кылдык, муну менен алгач экономика анан саясат келди”,- деди.

Назарбаевдин кызматтан кетүүсү саясаттан толугу менен кетүүсүн эмес Казакстандын өткөөл мезгилге киргендигин көрсөтүп жатат. Назарбаев президенттиктен кеткени менен Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары кала берет. Коопсуздук Кеңеши укук коргоо органдарын, борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарын жана  бюджетти көзөмөлдөйт. 2018-жылы май айында Коопсуздук Кеңешин күчтөндүрүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген жана буга ылайык, Коопсуздук кеңешинин чечимдери мамлекеттик органдары аткарууга милдеттүү болушу парламентте кабыл алынган. Мындан тышкары Назарбаев,  парламенттеги көпчүлүктү түзгөн Нур Отан партиясын жетектейт.

Ал өз сөзүндө: “Аягына  чейин  Казакстан элине кызмат кылам. Өлкөдө өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнү жана жаңы муунду тарбиялоону өзүмдүн милдетим катары билем”,- деди билдирүүсүндө. Назарбаевге 2000-жылы “Туңгуч президент”, 2010-жылы “Улут лидери” жана 2017-жылы “Эл башчысы” наамдары берилген. Муну менен бирге Назарбаев өмүр бою мамлекетти куруу, ички жана тышкы саясат жана улуттук коопсуздук тармактарына салым кошуу бийлигине ээ болгон. Назарбаевдин кээ бир маселелерде үлгү алып келген Сингапурдун президенти Ли Кван Юнун кызматтан кеткенден кийин кылгандагысы сыяктуу тажрыйбалуу лидер катары өлкөнүн өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүп турары күтүлүүдө. Ошентип, Борбордук Азияда буга чейин жаңы президент кызматка келгенде болуп келген серт өзгөрүүлөрдүн алдына алына турганы байкалууда.

Бул жылы 79 жашына келген Назарбаев 1990-жылдан бери Казакстандын президенти болуп келген. 2015-жылы болуп өткөн  эрте шайлоодо добуштардын 97,75 пайызын алып бешинчи жолу президенттикке шайланган.

Нурсултан Назарбаевдин ордуна 20-мартта Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев президент болуп дайындалды. Токаев бул кызматын 2020-жылдагы президенттик шайлоого чейин улантат. 1953-жылкы Токаевдин СССР убагындан бери улантып келе жаткан  ийгиликтүү карьерасы бар. 1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык институтун бүтүргөндөн кийин алгач Сингапурда, кийин 1991-жылга чейин  СССРдин Пекиндеги элчилигинде иштеген. Казакстандын эгемендүүлүгүнү алгандан кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеп келген Токаев  көп жылдардан бери Назарбаевдин жакын кесиптештеринин арасында болуп келген. Токаев 1999-2002-жылдары премьер-министр, 2007-2011-жылдары Сенаттын төрагасы, 2011-2013-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы  офисинин башкы мүдүрү кызматтарында иштеп келген. Токаев казак тилинен сырткары орус, англис, француз жана кытай тилдерин билет.

Токаевдин ордуна Назарбаевдин көп жылдан бери саясатка аралашып келген улуу кызы Дарига Назарбаева шайланды.