02.04.19.

Казахстан Республикасынын  президенти, Касым-Жомарт Токаев 2-апрель күнү, энергетика секторундагы өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташуу боюнча мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, Казакстан Өзбекстанга жылына 2 миллион тоннага чейин чийки мунай затын берип турууга  милдеттенет. 

Өзбекстанга чийки мунай жеткирүү боюнча келишимге эки жыл мурун кол коюлган болучу. Казахстандын энергетика минстри Канат Бозумбаев бул келишим боюнча: "Келишимдин ишке ашырылуусу, Өзбекстандагы чийки мунай заттын кайра иштетүүнү камсыз кылууга түрткү берет. Ал эми биз үчүн күз жана кыш мезгилдеринде, Казакстандын түштүк аймактарын  жаратылыш газы менен  үзгүлтүксүз камсыз кылуу  маселесин чечүүгө Өзбекстан жардам берет", - деп билдирди.

Өзбекстанга мунай зат  жеткирүүдө,  алгач  Кенкияк-күмкөл мунай түтүгү аркылуу  Шагыр темир жол бекетине жеткирилип, андан соң цистерналарга куюулуп болжонгон жерине жеткирилмекчи. Макулдашууда эки өлкөнүн энергетика чөйрөсүндө  кызматташуу учурунда, бардык маселелер боюнча координациялык совет түзүү каралган.

Келишимде айтылгандай өзбек тарап, пландаштырылган көлөмдө мунай затын  кабыл алууну камсыз кылуу үчүн, өзүнүн аймагында   мунай ташуу  жана мунайды кайра иштетүүчү инфраструктуранын  курулушун өз убагында аяктоого кепилдик берет.

https://finance.rambler.ru/markets/41968322-kazahstan-budet-postavlyat-do-2-mln-tonn-nefti-v-uzbekistan/