Казахстанда   авто өнөр-жай продукциянын чыгарылышынын көлөмүн дагы 35% пайызга жогорулаган.  Жергиликтүү жаңы унаа сатып алуучулар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо он казакстандыктын  алтоосу  жергиликтүү өндүрүүчүлөргө артыкчылык беришерин  казакстандык Energyprom.kz. аналитикалык порталы билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында Казакстандын авто өнөр-жайы 5,6 миң унаа өндүргөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 34,6% пайызга  жогору. Анын ичинен Чыгыш казахстан облусунун үлүшү  жалпы  республиканын 65,2% пайызын түзгөн. Тагыраак айтканда 3,6 миң унаа, чыгарган, жылдык көрсөткүч боюнча өсүш  32.6% пайызга  жогору.

Казахстандын Усть-Каменогорск шаарында өлкөнүн  эки негизги  авто заводунун  бири жайгашкан. Ошондой эле шаарда ири курулуш долбоорун кайра жандандырылгандыгына байланыштуу 2020-жылы, шаардын аймагында 500 гектарга  жаңы унаа өндүүрүчү завод курулат. Ал эми, Казакстандын 34,8% пайыз жеңил унаа өндүрүшүнүн үлүшү Костанай облусуна туура келет. Тагыраагы 1,9 миң унаа, бир жыл ичинде чыгарылган,  өсүш 38,6% пайызга жеткен. Ушул жылдын январь айынын жыйынтыктары боюнча женил унаалар сегментинде казахстандык өндүрүштүн үлүшү 50,6% пайыздан  61,2% пайызга чейин өскөн. Ѳз кезегинде импорттун үлүшү жыл ичинде 49,4% пайыздан 38,8% пайызга чейин төмөндөгөн. Үстүбүздөгү жылдын эки айынын жыйынтыгы боюнча Казакстанда курулган эң көп суроо-талапка ээ болгон жеңил унаа маркаларына: Lada (2260 унаа), Hyundai (1469 унаа), KIA (602 унаа), Chevrolet (126 унаа) жана Skoda (102 унаа) маркалары түзгөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/v-kazahstane-sushchestvenno-viroslo-proizvodstvo-avtomobilei