11.09.19

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кытайда болуп өткөн  Казак-кытай бизнес кеӊешинин 6-отурумунун  ачылыш аземинде: “Кытай Казакстандын эң ири тышкы соода-экономикалык өнөктөшү  болуп калды.

Буга далил катары, 2018-жылы  эки тараптуу товар алмашуу 11,4 % пайызга өсүп​ 12 миллиард долларга жетти. Казакстан көз карандысыздык алгандан бери, жалпысынан Кытай 20 миллиард доллар өлчөмүндө инвестициялык салым жасаган” – деп билдирди.

Президенттин айтымында, Казакстанда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн баардык аракеттер көрүлүүдө. Дүйнөлүк банктын инвестициялык климат боюнча рейтинг көрсөткүчүндө, Казакстан 190 өлкөнүн ичинен сап башындагы 30 өлкөнүн катарынан орун алган. Өлкө экономикасына, эгемендүүлүк алгандан бери 300 миллиард доллар өлчөмүндө чет өлкөлүк түз инвестициялык салымдар жасалган. Казакстан президенти Касым Жомарт Токаев,  кытай ишкерлерине баардык колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланып инвестиция салууну улантууга чакырып өттү.

Жыйындын соңунда, бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.  Эске сала кетсек, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Кытайга 10-11- сентябрь күндөрү официалдуу визит менен келген болучу.    

https://ca-news.org/news:1566003