07.10.19

Германиянын Берлин шаарында, 7-октябрь күнү Казакстан-Германия бизнес форуму болуп өттү.

Казакстандан келген делегацияны премьер-министрдин орун басары Роман Скляр баштап келген. Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн  басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун алкагында, эки өлкөдөн  200 ашык бизнес чөйрөсүндө эмгектенген иш адамдары жолугушуп пикир алмашышты. Форумдун жүрүшүндө, инвестициялык долбоорлор жана соода экономикалык маселелер талкууга алынды. Мындан тышкары, немец компаниялары менен биргеликте $700 миллион долларга бааланган долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Эскерте кетсек, 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу 5,1 миллиард евро өлчөмүндө болуп рекорддук чекке жеткен. Башкача айтканда, Германиянын бүткүл Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон тышкы соода байланышынын 85% пайызын түзгөн. Мындан тышкары, акыркы 14 жылда Германия Казакстандын экономикасына 5 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салган.

https://www.zakon.kz/4989281-na-kazahstansko-germanskom-forume.html