09.10.19

Парижде өткөн, Казакстан-Франция инвестициялык форумда, ААК "НК"КазМунайГаз" жана Франциялык "Air Liquide" корпорациясы ортосунда жаңы келишимге кол койду.

Бул тууралуу “Kazpravda.kz” маалымат агентиги  Казакстандын Тышкы иштер минстирлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Келишимдин негизинде, Казакстандын экономикасына $ 200 миллион доллар өлчөмүндө тикелей инвестиция тартылат.

Казакстандын делегациясын өкмөт башчысынын орун басары Роман Скляр баштап барган. Франция тарабынан болсо, бизнес коомчулуктун 100дөн ашуун өкүлдөрү катышкан.

Өз кезегинде, Борбордук Азияда Франциянын экономикалык дипломатия боюнча атайын өкүлү Паскаль Лоро мырза төмөнкүлөрдү билдирди:  "Казакстан Улуу жибек жолунун жүрөгүндө жайгашкан, Борбор Азиядагы Франциянын негизги экономикалык өнөктөштөрүн бири болуп саналат. Ошондой эле, Европа жана Азия ортосундагы  маанилүү бир байланыш  звеносу болуп саналат. Бүгүнкү форум, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө маанилүү болуп эсептелет" - деп билдирди.

Иш-чаранын алкагында,  Казакстан делегациясынын башчысы Франциянын "Air Liquide", "Vicat", "IDEMIA", "Airbus", "бюро VERITAS", "Loste Group", "CNCR Group" жана башка ири компаниялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Маалымат үчүн: Франция Казакстандын жогорку 5 негизги соода жана салым өнөктөшү болуп саналат. Франциянын салымдарынын көлөмү 2008-жылдан тарта 12,5 миллиард доллардан ашкан. Ошондой эле, эки тараптуу соода 50 миллиард долларга жеткен. Казакстанда Француз капиталы менен 130 компания бар.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/novie-frantsuzskie-investitsii-privlecheni-v-kazahstan