03.10.19

Казакстандын чийки эмес товарынын экспортунун көлөмү 2022-жылга карата 1,5 эсеге жогорулайт. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министирлигинин вице-министри Кайрат Төребаев, Борбордук байланыш кызматы өткөргөн пресс-конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Кайрат Төребаев, коңшулаш өлкөлөргө чийки эмес товарлардын сатылышына,  кандай мамлекеттик колдоолор көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу кеңири маалымат берди. Анын пикири боюнча, өкмөт көрүп жаткан чаралар экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө чоң таасирин бермекчи.

 Казакстан Республикасынын президенти 2-сентябрь күнү,  Казакстан элине жасаган кайрылуусунда, Соода жана интеграция министрлигине товарларды экспортко чыгарууда жакшы шарттарды түзүүнү тапшырган болучу. Вице-министр белгилегендей, биринчи кезекте Россиянын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Кытайдын рыногуна чыгуу маанилүү болуп эсептелет. Алар менен үзүрлүү кызматташуу үчүн бардык юридикалык шарттар түзүлгөн.

Вице-министрдин айтымында, акыркы жылдары экспорттун көлөмү өсүүдө: “Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, Казакстандын жалпы сырткы соода жүгүртүүсүнүн 19,5% пайыздык көрсөткүч менен Россия  ($ 18,5 миллиард доллар +13,1%) ээлеген. Андан кийинки орунду 12,3% пайыз менен ($11,7 миллиард доллар + 11,4%) Кытай алса, Өзбекстан болсо, 2,9% пайыздык ($ 2,8 миллиард доллар + 40,8%) көрсөткүчтү ээлеген. Ал эми, калган коңшу өлкөлөр Кыргызстан менен – 1 % пайыз ($ 900,5 миллион доллар + 17,7%), Түркмөнстан менен – 0,1% пайыз ($ 98,1 миллион доллар -1,5%) түзгөн.

Мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, Соода жана интеграция министрлигинин Вице-министри белгилегендей, экспорттун көлөмүн 2022 - жылы карата 1,5  эсеге,  2025-жылга карата 2 эсеге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/obem-nesirevogo-eksporta-kazahstana-k-2022-godu-budet-uvelichen-v-15-raza