21.10.19

Англия Казакстанга салган инвестициясынын көлөмүн көбөйтө баштады. Kazpravda.kz маалымат агентигинин   билдиришинче, Англиядан Казакстанга келген түз инвестициялардын дүң агымы жыл ичинде 17% пайызга (336,5 миллион доллар) көбөйгөн.

 Өткөн жылы, бул көрсөткүч 287 миллион долларды түзгөн болучу.
Алсак, акыркы 10 жылда Казакстанга Англиядан 8,8 миллиард доллар көлөмүндө түз инвестиция  келген.

2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1,3 миллиард долларды түзгөн. Товар жүгүртүүдөгү негизги үлүштүк көрсөткүчкө токтолсок.  Казакстандан Англияга экспорттолгон товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 63% пайыз же 793,9 миллион долларды түзгөн. Ал эми, Англиядан импорт түрүндө сатылып алынган товардын көлөмү 466,8 миллион доллар  же 37% пайыз болгон.

Азыркы учурда Казакстанда, Англиянын капиталынын катышуусу менен түзүлгөн 345 чакан, 20 орто жана 30 ири компаниялар иштеп  жатышат.

Ошондой эле, Англиялык инвесторлор финансылык жана камсыздандыруу тармагына (2,4 миллиард  доллар)  жана өнөр жай тоо-кен казуу (1,8 миллиард доллар) олуттуу каржылык салымдарды салышкан.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/velikobritaniya-stala-bolshe-investirovat-v-kazahstan