13.11.19

Үстүбүздөгү 2019-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында, Түркия жана Казакстан ортосундагы жүк ташуу, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 69 пайызга (5,4 миң даана контейнер) көбөйгөн.

Казакстандын темир жол компаниясынан (КТК) билдиргендей, эки өлкө ортосундагы транспорт жана логистика тармагында байланыштардын чыңдалышынын себинен улам, жүк ташуу дагы бир кыйла өсүш берген. Ошондой эле билдирүүдө, жаңы логистикалык байланыш кызматтарын жакшыртуу иштери уланып жаткандыгы айтылат. Бул максатта, октябрь айында Казакстан, Кытай, Азербайжан, Грузия жана Түркия темир жол тармактары биргелешип, Сиань-Стамбул-Прага шаарлары аркылуу өтүүчү жаңы жүк ташуучу маршуртту ачылгандыгын билдирди. 

https://www.haberler.com/kazakistan-ile-turkiye-arasindaki-konteyner-12613197-haberi/