18.11.19

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, 18-ноябрь күнү, Өзбекстандын Айыл чарба министри Жамшид Ходжаев жетектеген  делегация менен жолугушту.

Эки өлкөнүн айыл чарба министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча,  Казакстан жана Өзбекстан айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында “жол картасын” кабыл алды деп билдирет, Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматынан.

Документте 2019-2024 жылдар аралыгында  айыл чарба илимин жандандыруу, өндүрүш, сертификациялоо, соода, санариптештирүү, ветеринария, мал чарбачылык жана өсүмдүктөрдүн карантини тармактарында  кызматташууну күчтөндүрүү үчүн жаңы иш чараларды көрүү  каралган.

Мындан тышкары, өкмөт башчылары айыл чарба азыктарын өз ара жеткирүүнү жогорулатуу үчүн эки өлкөнүн чоң потенциалы  бар экендигин, инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуунун зарылдыгын белгилешти.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын алгачкы 9 айында Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы айыл чарба азыктарына байланышкан соода жүгүртүүлөрүнүн көлөмү  $ 770 миллион долларды түзгөн. Казакстандан Өзбекстанга негизинен буудай жана   кара буудай уну, күн караманын үрөнү, кант, ири мүйүздүү мал, буудай калдыктары экспорттолот. Өзбекстандан болсо, Казакстанга алча, чие, жүзүм, өрүк, томат,  шабдалы, курма жана башка жашылчалардын түрлөрү  алынып келип сатылат.

https://uz.sputniknews.ru/economy/20191118/12817362/Uzbekistan-i-Kazakhstan-dogovorilis-o-sotrudnichestve-v-selskom-khozyaystve.html