18.11.19

Казакстанда турак-жайларды куруу иштерине 3,3 триллион теңге  инвестиция жумшалган. Бул тууралуу, Казакстандын  Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри  Бейбут Атамкулов өкмөт жыйынында билдиргендигин Kazpravda.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бейбут Атамкулов: “Мамлекеттик “Нұрлы жер” программасынын алкагында, 2017-жылдан бери 33,5 миллион квадрат метр жаңы турак-жайлар курулуп, 300 миңге жакын үй-бүлө турак-жай менен камсыз болушкан. Үйлөрдүн курулушуна коротулган салымдардын басымдуу бөлүгү жеке инвесторлордун акча каражаты болгон. Жалпысынан турак-жай курулушуна 3,3 триллион теңгеден ашуун инвестиция жумшалган”, - деп белгилеп өттү. Анын айтымында, турак-жайды куруунун көлөмүнүн өсүү динамикасы, орточо эсеп орточо 18% пайызга көбөйүүдө.

Казакстанда, 2018-жылы 12,5 миллион квадрат метр турак-жай пайдаланууга  берилген.  Бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. Турак жай менен камсыз болуу көрсөткүчү ар бир жаранга 21,9 квадрат метрге жетет. Казакстан бул көрсөткүчтү 2030-жылы 30 квадрат метрге  жеткирүүнү пландап жатат.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/bolee-3-trln-tenge-investirovano-v-zhilishchnoe-stroitelstvo-kazahstana