04.12.19

Казакстан жана Польша ортосунда жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан  Kazpravda.kz агенттигине билдиришкен.

Кечээ 3-декабрь күнү, Казакстан жана Польшанын  бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өткөн.

Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы: “Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча кабыл алынган “ачык асман” эрежесинин алкагында, чет өлкөлөргө болгон авиакаттамдардын учуу жыштыгы көбөйтүлгөн болучу. Мына ошол эрежеге ылайык,  Нурсултан - Варшава шаарларынын ортосундагы учуулар күн сайын тынымсыз аткарылып турмакчы. Ал эми, Варшава-Алматы маршруту боюнча авиакаттамдар жумасына жети жолу учууга чейин көбөйтүлмөкчү”, - деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптын жетишилген макулдашууларынын жыйынтыгы боюнча, Польшанын “LOT Polish Airlines” авиакомпаниясы, 2020-жылдын жай мезгилинен баштап,  Варшава-Нурсултан маршруту  боюнча,  жумалык каттамдардын санын төрттөн жетиге чейин  көбөйтмөкчү.  Ошондой эле, кийинки жылы,  Алматы-Варшава маршруту боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ача тургандыгын билдирди. Польшалык авиакомпания Казакстандын Чымкент шаарына да авиакаттам ачууну  пландаштырууда.

https://www.kazpravda.kz/news/obshchestvo/novie-aviareisi-otkroutsya-mezhdu-kazahstanom-i-polshei