14.01.20

Казакстан өткөн жылы транзиттик жүк ташуудан 450 миллиард тенге ($1, 184 миллиард доллар) киреше тапкандыгы тууралуу, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Өткөн жылы, өлкөнүн аймагы аркылуу  ташылган транзиттик жүктүн көлөмү 19,4 миллион тоннага жеткен. Ошондой эле темир жол менен товар ташуу 17,5 миллион тоннаны түзгөн. Эң көп товар ташып өткөн Борбордук Азия мамлекеттери болгон. Алардын үлүшү 75,6%, пайыз же 11,5 миллион тоннага жеткен. Тактап айтканда, Өзбекстан 7,1 миллион тонна, Кыргызстан  2,26 миллион тонна, Тажикстан 1,2 миллион тонна, жана Афганистан  0,26 миллион тонна, ошол эле учурда, Россиянын үлушү 2,8% пайыз, Кытай  13,8% пайыз жана Европа биримдигине (ЕБ)  кирген өлкөлөр 7,1% пайыздык көрсөткүчтү ээлешкен.

Ал эми, кара жол менен ташылган жүктүн көлөмү 1,93 миллион тоннага жеткен. Автомобиль менен Казакстандын аймагы аркылуу Кытай жана  Европа биримдигине (ЕБ)  кирген өлкөлөргө 14 миң тонна, Борбордук Азия мамлекеттерине 779 миң  тонна, Россияга болсо, 61,7 миң тонна товар ташып өткөн.

Ал эми, Борбордук Азия мамлекеттеринен,  Европа биримдигине (ЕБ)  кирген өлкөлөргө 106,5 миң тонна, Россияга 396 миң тонна,  Кытайга 5,4 миң тонна жүк жеткирилген. Ошол эле убакта, Борбордук Азия өлкөлөрүнө Россиядан 9,7 миң тонна, Европа биримдиги (ЕБ) мамлекеттеринен 567 миң тонна, Кытайдан 2,7 миң тонна товар ташылып келген.

2019-жылдын жыйынтыгы менен Казакстандын аймагы аркылуу контейнер менен жүк ташуу 23% пайызга (664 миң даана контейнер) жогорулаган. Алардын ичинен Кытай – Европа – Кытай маршруту боюнча, контейнердик жүк ташуу 11% пайызга (347 миң контейнер)  өскөн.

https://www.aa.com.tr/ru/