27.02.20

Өзбекстандын Хорезм облусуна караштуу Үргөнч шаарында, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда “Экинчи аймактык кызматташтык” форуму болуп өттү.

Аталган жыйынга,  Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана 300дөн ашуун мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймактардын өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүндөгү адамдар катышкан.

Экинчи аймактар аралык кызматташтык форуму "Бизнес чөйрөсү, агро өндүрүш кооперациясы жана туризм тармагында аймактардын  кызматташуусу" деген аталышта болуп өттү.

Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин,  Чымкент шаарындагы «Оңтүстік» эркин экономикалык зонасынын базасында Казакстан жана Өзбекстандын жеңил өнөр жайынын кластерин түзүү демилгесин сунуштады.

Анын айтымында, Түркстан, Ташкент, Самарканд, Бухара жана Хорезм облустарынын туристтик объектилерине биргелешкен туристтик каттамдарды ачууну, ошондой эле өнөр жай товарларын дүңүнөн бөлүштүрүүчү жана агро-логистикалык борборлорду биргелешип өнүктүрүү демилгесин көтөрүп чыкты.

 Аскар Мамин өзгөчө эки өлкөнүн транзиттик-транспорттук жана логистикалык тармактардагы кызматташуу потенциалына басым жасады. Аскар Мамин:"Казакстан үчүн сиздердин өлкө, Түштүк Азияга чыгуунун жолу болсо, Өзбекстан үчүн биздин өлкө, Евразия экономикалык биримдигине (ЭАЭБ) жана Түштүк-Чыгыш Азия, Кавказ жана Европанын рынокторуна чыгуу үчүн мүмкүндүк берет"- деп белгилеп өттү. Мындан тышкары, Казакстандын өкмөт башчысы, "Түндүк-Түштүк" коридорунун инфраструктурасын түзүү, ошондой эле Каспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди активдештирүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө 52 документке кол коюлган. Анын ичинде, форумдун жыйынтыктоочу декларациясы, ошондой эле ведомстволор аралык, региондор аралык жана машина куруу тармагында коммерциялык макулдашуу, айыл чарба, финансылык банктык, өнөр жай, инфраструктуралык, фармацевтика жана башка тармактарда жалпы суммасы болжол менен $500 миллион долларлык келишимдерге кол коюлган.

Форумдун алкагында, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү пайдалуу жолугушууларды өткөрүүгө жана атайын уюштурулган көргөзмөдө, өздөрүнүн өндүрүштүк жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн презентациялоого мүмкүндүк алышты.

http://centralasia.media/news:1599410?from=portal&place=last&b=2