28.02.20

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, өлкөдөгү балык чарбасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында, Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев жана Балык чарбаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору Нуржан Жумагалиулы, Балык чарбасынын учурдагы абалы, жана аны өнүктүрүү, келечеги тууралуу маалымат беришти.

Балык чарбасын өнүктүрүүгө байланышкан пикирлерин Атырау, Чыгыш-Казакстан, Кызылорда, Түркстан облустарынан келген, балык бизнеси менен алектенген өкүлдөр дагы билдиришти. Ошондой эле, Казакстанда балык чарбасын өнүктүрүү жөнүндө россиялык профессор Александр Литвиненко жана Казакстан Республикасынын парламентинин депутаты Сарсенбай Енсегеновдор билдирүү жасашты.

Казакстандын балык жана балык продукциясынын рыногунун жалпы көлөмү 66 миң тоннаны түзөт. Алардын ичинен, балык уулоого 45 миң тонна, балык өстүрүүгө 7,4 миң тонна туура келет. Мындан 30 миң тоннасы экспортко чыгарылса, 43,5 миң тонна продукция сырттан импорттолгон.

Жакынкы келечекте, өлкөнүн балык рыногунун көлөмүн 120 миң тоннага чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Мамлекеттин ичинде, форель жана атлантика лосось балыгын өстүрүү менен сырттан келген импорттун көлөмүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк түзүлмөкчү. Келечекте экспорттун көлөмүн көбөйтүп, дүйнөлүк рынокторго, атап айтканда, Кытай, Россия жана Европа өлкөлөрүнө жеткирүүгө болот.

Казакстанда балык өндүрүү 1,646 балык чарба көлмөлөрү жана аларга тиешелүү миңден ашуун балык чарба субъектилери тарабынан ишке ашырылат. Тармакта 11 миңден ашык адам эмгектенет.

Балык уулоо, көбүнчө Каспий жана Арал деңиздеринде, Балхаш жана Зайсан көлдөрдөрүндө, Бухтармин, Капшагай жана Шардарин суу сактагычтарында,  Жайык жана Кигаш дарыяларында жүргүзүлөт. Негизги балык өндүрүүчү региондорго, Атырау 13,1 миң тонна, (бүткүл өлкө боюнча жалпы көлөмдүн үчтөн бир бөлүгүн өндүрөт) Түштүк-Казакстан 8,2 миң тонна (18% пайыздан жогору), Кызылорда 7,4 миң тонна (16,4%), Алмата 6,6 миң тонна (14,6%), Мангыстау 2,3 миң тонна (5,2%) жана Түркстан облусу 2 миң тонна (4,5%).

Эскерте кетсек, Казакстанда балык өстүрүү динамикалык түрдө өнүгүп жаткан тармак болуп саналат. Акыркы 7 жылда балык өндүрүүнүн көлөмү 9 эсеге 800 тоннадан 7000 тоннага чейин өскөн. Өлкөдө балык өстүрүү тармагында 180 миңден ашуун адам эмгектенет.

https://www.kp.kz/daily/27097/4170812/