03.04.20
Казакстанда калкты иш менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн жаӊы “Жол картасынын” алкагында 147 социалдык объект курулат. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев онлайн брифинг учурунда билдиргендигин Kazpravda.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Даурен Абаев:"Бүгүн өкмөт башчысынын төрагалыгы астында мамлекеттик комиссиянын отуруму болуп өттү. Бир катар маселелер каралды. Негизги маселелердин бири болгон калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча «Жол картасы» ишке ашыруунун жолдору талкууланды. «Жол картасы» социалдык, транспорттук инфраструктураны, турак-жай, коммуналдык чарба жана калктуу конуштардын абалын жакшыртуу жолу менен жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, жаңы объектилердин курулушу да каралган.
Калкты иш менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн жаӊы “Жол картасы” алкагында жалпысынан 147 даана социалдык объект курулмакчы.
Аларга:
1) 56 даана турак жай үйлөрү жана жатаканалар;
2) Суу менен камсыз кылуучу 75 даана объект;
3) Газ менен камсыздоочу 33 даана объект;
4) Электр энергиясы менен камсыз кылуучу 42 даана объект;
Мындан тышкары, 73 миң жаңы жумушчу орундарын түзүү менен 2,5 миңден ашык социалдык объектилер кайра оңдоо түзөөдөн өткөрүлүп реконструкцияланат”, - деп билдирди министр.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/okolo-150-sotsobektov-postroyat-v-rk-za-schet-novoi-dorozhnoi-karti-zanyatosti