05.05.20

Казакстан 2020-жылы 1,22 миллион адамды жумуш менен камсыздоону пландап жатат, деп билдирди Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов.

Биржан Нурымбетов: “2020-жылы Казакстанда 1,22 миллион адамды жумуш менен камсыз кылууну пландаштырып жатабыз” - деп билдирди өкмөттүн жыйынында.

Анын айтымында, 2020-2021-жылдарга жумуш менен камсыз кылуу боюнча “Жол картасына” ылайык, 255 миң адам, анын ичинде 89 миң адам социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен, 58 миң адамды турак-жай жана коммуналдык чарбада, ошондой эле инженердик жана транспорттук тармактарда ишке орноштуруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, курулуш инфраструктура тармагында 108 миң адам жумуш менен камсыз болот.

Ошондой мамлекеттик «Enbek» программасынын алкагында  600 миң адам иш орду менен камсыздалмакчы.

Министрдин айтымында, ар кандай мамлекеттик программалардын алкагында  364 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу пландаштырылган.

Анын ичинде, “Нурлыжол” программасы боюнча  200 миң, “Санарип Казакстан” программасы боюнча 50 миң, “Нурлы Жер” программасы боюнча 47 миң, “Региондорду өнүктүрүү” программасы боюнча 19 миң, “Туризмди өнүктүрүү” программасы боюнча 15 миң, “Бизнестин Жол картасы 2025” программасы  боюнча 12 миң, “Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү” программасы боюнча 10 миң, “Билим берүү жана илимди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы” боюнча 6 миң жана “Индустриалдык-инновациялык өнүгүүнүн мамлекеттик программасы” программасы боюнча 5 миң адамды иш менен камсыз кылуу каралган.

https://kaztag.kz/ru/news/1-22-mln-kazakhstantsev-obeshchayut-obespechit-rabotoy-v-2020-godu