13.06.20

Казакстандын Караганда облусунда жайгашкан «Евразия Инвест ЛТД» компаниясы, Кытайдын базарына акыркы 5 жыл аралыгында өзү өндүргөн продукцияны алып барып сатууга жасап келген  аракети  жакында эле ишке ашты.

2019-жылдын сентябрь айында, президент Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга болгон расмий иш сапары учурунда бул маселе толугу менен чечилген болучу. Бул тууралуу, «Казинформ» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Караганды облусунда өндүрүлгөн төөнүн кургатылган сүтү 2020-жылдын 5-июнь күнү, Алматы шаарынан Кытайдын Ланчжоу шаарына жөнөтүлгөн. Кытайда Казакстанда өндүрүлгөн төөнүн уникалдуу сүтүнө болгон суроо талап абдан жогору.

«Евразия Инвест ЛТД» компаниясынын башкы директору Кадырбек Мейрамбеков жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө: “2014-жылы Караганды облусунда кургатылган кымыз сүтүн өндүрүү боюнча завод ачылган. Биз продукцияларыбызды «Saumal» атту бренд менен өндүрүп баштадык”, - деп билдирди.

Өткөн жылы аталган компания өлкөдө биринчилерден болуп, «Saubota» деген аталыш менен төөнүн кургатылган сүтүн өндүрүүнү баштаган болучу.

«Евразия Инвест ЛТД» компаниясы төөнүн чийки сүтүн  Казакстандын түштүк аймактарынан сатып алат. Себеби, өлкөнүн түштүк аймактарында, төө жандыгы көп багылат. Алынып келинген төөнүн чийки сүтү, Караганды облусунда  кайра иштетилип, кургак порошок түрүндө Алматы шаарына жөнөтүлөт. Ал жерде, даяр продукция таңгакталып экспортко жиберүүгө даяр болот.

Кадырбек Мейрамбеков: “Азыр Түркстан облусу жана Алматы шаарында, компаниянын филиалдарын ачууну пландап жатабыз. Биз муну менен сүттү ташып келүүгө кеткен чыгымдарыбызды кыскартабыз. Азыр маселе чечилүүдө. Өндүрүштү кеңейтүү долбоору, Агрардык кредиттик корпорациянын колдоосу менен ишке ашырылат. Алар ушул айда каржылоону баштоого убада беришкен. Кытай тарап, Караганда заводунун продукцияларына кызыкдар. Кардарлар айына жок эле дегенде 30-40 тонна төөнүн кургатылган сүтүн сатып алууга даяр. Бирок, суроо талапты канааттандыруу үчүн, чийки заттын жана кубаттуулуктун жетишсиздиги маселесин чечүү керек. Бул долбоор региондук жана республикалык деңгээлде чоң колдоо тапты” - деп билдирди.

Карагандылык өндүрүүчүлөр сүт азыктарын, Кытайга үзгүлтүксүз экспорттоп турууну пландаштырышууда.

http://kabar.kg/news/iz-kazakhstana-startoval-eksport-sukhogo-verbliuzh-ego-moloka-v-kitai/