08.09.20

Казакстан үстүбүздөгү жылы кайсы өлкөлөргө жана канча көлөмдө буудай сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу, Казакстан Республикасынын Айыл чарба вице-министри Айдарбек Сапаров «Казинформ» маалымат агенттиги уюштурган маалымат жыйынында айтып берди.

Айдарбек Сапаров: “Өлкөнүн 2020-2021- жылдарына буудай жана ундун экспорттук потенциалы 7,5-8 миллион тоннаны түзөт”-деп билдирди. Ошондой эле, Айыл чарба вице-министри кайсыл өлкөлөргө буудай экспорттоо пландалып жаткандыгына токтолуп өттү. Айдарбек Сапаров: “Биздин буудайдын негизги кардарлары, Борбордук Азия өлкөлөрү болуп эсептелет. Аларга Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан,  Түркмөнстан, Афганистан жана Иран мамлекеттери кирет.  Жалпысынан үстүбүздөгү жылы, Казакстан дүйнөнүн 40 ашык өлкөсүнө буудай эспорттоону мерчемдөөдө”-деп билдирди. 

Эскерте кетсек, алдын ала божомолдор боюнча бул жылы Казакстан 18 миллион тонна буудай өндүрүп алуусу күтүлүүдө.

https://www.inform.kz/ru/kazahstan-planiruet-eksport-zerna-v-40-stran-mira_a3692255