16.11.20

Казакстандын автоунаа өндүрүүчүлөрү 2020-жылдын башынан бери 61,796 даана автомобиль өндүрүшкөн. Бул тууралуу, Казакстандын “Казакстан автобизнес ассоциациясы (АКАБ)” уюмунун маалымат агенттиги билдирди.

Берилген маалыматта, акыркы он айдын жыйынтыгы менен экономикалык көрсөткүчтөр пандемия шартына карабастан алдыга жылуу темпин көргөзүүдө.

Казакстандын Индустрия жана инфрастуралык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, кайра иштетүү тармагында, өнүгүү 3,2% пайыз, фармацевтика 39,7% пайыз, колдонууга даяр болгон металл продукциясы  19,5%, пайыз, машина куруу 16,5% пайыз, ошондой эле автоунаа өндүрүү 53,6% пайызга өсүш берген. Мындан тышкары, автоунаа өндүрүү 2020-жылдын акыркы он айынын жыйынтыгы менен рекорддук 33,4% пайыздык (2019-жылы январь-октябрь айларындагы көрсөткүч 26% пайызды түзгөн) өсүш болгон.

“Казакстан автобизнес ассоциациясы (АКАБ)” тараткан маалыматында: “2020-жылдын октябрь айына чейин, жалпысынан баардык үлгүдөгү автоунааларды кошуп эсептегенде 11,140 даана автомобиль (84,5 миллиард тенге бааланат) өндүрүлгөн. Бул өткөн 2019-жылдын октябрь айына салыштырганда 110% пайызга көптүк кылат. Мындай көрсөткүч, Казакстандын автоунаа өндүрүү тарыхында эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет”-деп билдирилет.

Тагыраак айтканда, Казакстанда январь-октябрь айларында, 51,922 даана жеңил автоунаа (+51,5%), 6, 299 даана оор жүк ташыган автоунаа (+114%), 1,525 даана автобус (+67,4%), 1,766 даана автоунаанын прицептери (+138%), 284 даана техниканын башка түрлөрү өндүрүлгөн.

2020-жылдын октябрь айына чейин, экспортко 565 даана автоунаа чыгарылган. Алардын ичинен жакынкы кошуна Россия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Беларусь өлкөлөрүнө 6,038 даана автоунаа сатылган.

Эскерет кетсек, “Казакстан автобизнес ассоциациясы (АКАБ)” божомолу боюнча 2020-жылдын аягына чейин Казакстанда өндүрүлгөн автоунаалардын жалпы саны 85,00 даана жетиши мүмкүн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/kazahstanskii-avtoprom-bet-rekordi-nesmotrya-na-pandemiu