21.11.20

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Казакстандын Түркстан шаарында жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу “Primeminister.kz” маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчылары соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, суу-энергетика, транспорт-логистика, бажы тармагында жана аймактар ортосундагы өз ара кызматташууга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Көрүшмө учурунда, өзгөчө 2020-2022- жылдарга карата, эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган пландарды ишке ашыруу, эки мамлекеттин чек араларында эл аралык соода-экономикалык борборун ачуу жана чек ара өткөрүү пункттарын модернизациялоого көңүл бурушту.

Өкмөт башчылары, Түркстан шаарында ачылып жаткан Казакстан жана Өзбекстан биргелешип курган «Turkistan Textile» текстиль продукциясын өндүргөн фабриканын ачылыш аземине катышышты.

Жаңы ачылып жаткан фабрика Түркстан шаарында жайгашкан «Turkistan» индустриялык аймагынан орун алган жана  2 гектар жер аянтын ээлеп турат. Анын курулушуна, коротулган инвестициянын көлөмү 700 миллион теңгени түзөт. Фабрика 1 миң адамды дайыма туруктуу жумуш орду менен камсыз кылмакчы.

Эскерте кетсек, Өзбекстан Борбордук Азия чөлкөмүндө Казакстандын негизги соода өнөктөшү болуп саналат.

2019-жылдын жыйынтыгы менен эки тараптуу соода жүгүртүү 21,2%  пайызга жогорулаган ($4,5 миллиард доллар). Тараптар бул көрсөткүчтү $10 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенишүүдө.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/premer-ministri-kazahstana-i-uzbekistana-proveli-peregovori-v-turkestane