29.12.20

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Шоранов, коронавируска каршы Казакстанда өндүрүлгөн вакцинаны сыноо кезинде жогорку натыйжалуулугун көрсөткөнүн маалымдады.

Марат Шоранов: “Россиялык “Спутник V” вакцинасы 92 % пайызга чейин, ал эми, Казакстандын “QazCovid-in” вакцинасы 96%  пайызга чейин натыйжалуу экендигин көрсөттү”, – деп билдирди.

Казакстанда 19-декабрь күнү, жергиликтүү вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы үчүн үч миң ыктыярчы тартылган.

Мындан тышкары, “Караганды дары-дармек комплексинде” Россиялык “Спутник V” вакцинасы өндүрүлө баштаган. Казакстанда россиялык вакцина менен элди жапырт эмдөө 2021-жылдын февраль айында башталары айтылган.

https://rus.azattyq.org/a/31022678.html